Бишкекте “Көчмөн сыры” эл аралык кол өнөрчүлөр форуму өтөт

Бишкекте 20-21-декабрда “Көчмөн сыры” эл аралык кол өнөрчүлөр форуму өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

 

Маалыматка ылайык, форумдун алкагында көргөзмө, мастер-класс, илимий-практикалык конференция, съезд жана сыйлык тапшыруу аземи концерттик программанын коштоосунда өтөт.

 

Форумду өткөрүүнүн негизги максаты — кол өнөрчүлүктү дүйнөлүк деңгээлге чыгаруу жана Дүйнөлүк кеңештин (World Craft Council I WCC International) статусун алуу болуп саналат. Кыргызстан Кол өнөрчүлөр кеңеши Дүйнөлүк кеңештин 2012-жылдан баштап мүчөсү болуп келүүдө.

 

Белгилей кетсек, 19-декабрдан тарта Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм-сүрөт музейинде “Көчмөн сыры” эл аралык кол өнөрчүлөр форумунун алкагында көргөзмө ачылып, ал саат 12:00дөн тартып иштей баштайт.