Бишкекте кайрымдуулук жарманкеси өтөт.
Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Нооруз майрамына арналган салттуу кайрымдуулук дипломатиялык жарманке эртең, 16-мартта саат 13:00дөн 19:00гө чейин Курманжан Датканын эстелигинин алдындагы аллеяда болот.
Жарманкеде дүйнөнүн булуң-бурчунан келген уникалдуу буюмдар жана сувенирлер, жарманке учурунда сатып алууга боло турган улуттук даамдар жана суусундуктар коюлат.
Иш-чараны Тышкы иштер министрлиги Бишкек мэриясы менен биргеликте чет өлкөлүк дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн катышуусунда уюштурууда.
Андан түшкөн каражат кайрымдуулукка жумшалат.