Бишкекте карта боюнча жолдорду оңдоо иштери башталды

Бишкекте карта боюнча жолдорду оңдоо иштери башталды. Мэриядан билдиришкендей, кеп чуңкурларды бүтөө жана капиталдык оңдоо жүргүзүлө турган тизмеге кирбей калган көчөлөр тууралуу болуп жатат.

 

Анын жүрүшүндө асфальттын эски катмары алынып, жаңысы төшөлөт.

 

Учурда калыбына келтирүү жумуштары Сүйөркулов жана Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилишинде жүрүүдө. Андан кийин Ахунбаев – Тыналиев тилкеси ремонттолот.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.