Бишкекте башаламан соода кылгандарга айып салынды

Бишкекте башаламан соода кылгандарга айып салынды. Муниципалитеттен билдиришкендей, «Ак-Эмир» базарынын жанындагы башаламан сооданы тазалоо иштери жүргүзүлдү.

 

Жеке жактарга башаламан сооданы уюштуруу үчүн жалпы суммасы 12 миң сомго 4 протокол түзүлдү.

 

Белгилеg кетсек, муниципалдык аймактык башкармалыктын кызматкерлери көчө соодасынын алдын алуу үчүн күн сайын «Ак-Эмир», «Аламедин» базарларынын, «ЦУМ», «ГУМ» соода борборлорунун жанында нөөмөттө турушат.