Бишкекте мопед жана мотоцикл айдагандарга рейд жүрүүдө

Бишкек шаарынын аймагында 14-августтан тарта «Мотоайдоочу» аталышындагы рейддик иш-чаралар башталды. Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, 1 күн ичинде 130дан ашык мототранспорт айып короого киргизилди.

 

Белгиленгендей, учурда ордо калаада ар кандай модификациядагы мототранспорт айдоочуларынын катышуусунда жол кыймылынын башка катышуучуларынын өмүрүнө жана ден соолугуна реалдуу коркунуч туудурган, жол коопсуздугуна терс таасирин тийгизген, жол кыймылына тоскоолдук жараткан жол-транспорт кырсыктары көп катталууда. Рейд терс көрүнүштөрдүн алдын алуу жана болтурбоо максатында уюштурулууда.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.