Ысык-Көлдү таштандылардан жана балык уулоочу торлордон тазалоо уланууда

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдары тарабынан Ысык-Көлдү таштандылардан жана балык уулоочу торлордон тазалоо иши уланууда. ӨКМден билдиришкендей, суучулдар учурда Каракол булуңундагы көлдүн аянтын тазалап, 26-марттан баштап 17-апрелге чейин 2,5 тонна таштанды, 18 миң 900 метр балык уулоочу тор чыгарышты.

 

Ысык-Көлдү масштабдуу түрдө тазалоо иши Садыр Жапаровдун жарлыгынын негизинде ишке ашууда.