Бишкекте сентябрдан тарта 30 мектепте сабактар жарым саат эрте, 7:30да башталат

Бишкекте сентябрдан тарта 30 мектепте сабактар жарым саат эрте, 7:30да башталат. Мэриядан билдиришкендей, учурда борбордогу 103 мектепте 198 миңден ашык бала окуйт. Анын ичинен 7 миң  бала Чүйдүн жакынкы райондорунан келишет.

 

Ата-энелерге унааларды мектептердин жанына токтотууга тыюу салынат, эреже бузгандарга айып салынып, эвакуатор алып кетерин муниципалитет эскертет.

 

Эске салсак, шаар бийлиги тыгындарды азайтуу максатында окууну мектептерде саат 8ге чейин, ал эми жогорку окуу жайларда саат 10дон кийин баштоо чечимин кабыл алды.