Бишкекте сыноо иретинде кое берилген мектеп автобустары ишин токтотту

Бишкекте сыноо иретинде кое берилген мектеп автобустары ишин токтотту. Бул тууралуу долбоордун менеджерлери билдиришти. “Кабар” агенттигинин маалыматына ылайык, окуучулар жүрүү билеттеринде калган акчасын №10, 11 жана 2-троллейбустарда мектеп тарифи боюнча колдоно алышат.

 

Эске салсак, Бишкекте мектеп автобустары 24-январда кое берилген.

 

Сыноо ийгиликтүү өтсө, мектеп автобустары менен ордо калаанын бардык окуучулары камтылмак.