Бишкекте тыгын маселеси ушул жылы чечилет

Бишкекте тыгындар маселеси ушул жылы чечилет. Мындай убаданы ордо калаа мэри Эмилбек Абдыкадыров берди.

 

Анын айтымында, Азиялык өнүктүрүү жана Европалык кайра калыбына келтирүү жана өнүктүрүү банктарынын линиясы менен 500 автобус сатып алуу каралууда. Транспорттун бир бөлүгү газ менен жүрсө, бир партиясы электробустар болот.

 

Алардын келиши менен шаарда тыгындар жоюлуп, асманды каптаган ыштан кутулуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт, — деди Абдыкадыров. Белгилеп кетүүчү нерсе, ордо калаа бийлиги мындай пландарын көп жылдан бери ишке ашыра албай келет.