Бишкекте вакансиялар жана кесиптер жарманкеси өтөт. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, иш-чара 4-октябрда Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде уюштурулат.
Жарманкеге 100 компания катышат деп күтүлүүдө. Алар тарабынан жалпысынан 4 миңден ашык бош жумуш орундары сунушталат.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.