Аскер институтунун курсанттарынын стипендиясы көбөйтүлдү

Аскер институтунун курсанттарынын стипендиясы көбөйтүлдү. Коргоо министрлигинин маалыматына ылайык, эми жакшы окугандар айына 4 миң сомдон               8 миңге чейин алышат.

 

Ал эми буга чейин стипендиянын өлчөмү айына 500 сом болчу. Белгилеп кетсек, курсанттар экинчи курстан тарта стипендия ала алышат.