Бишкекте жана Чүй облусунда Жоопкерчилиги чектелген коому формасында юридикалык жактарды каттоого алуу бир гана онлайн форматта жүргүзүлөт

Бишкекте жана Чүй облусунда Жоопкерчилиги чектелген коому формасында юридикалык жактарды каттоого алуу бир гана онлайн форматта жүргүзүлөт. Юстиция министрлигинен билдиришкендей, жаңы эрежелер 27-августтан тарта күчүнө кирет.

 

Онлайн каттоого шилтемеси ведомствонун сайтында  жеткиликтүү.

 

Муну менен кагаз формасында арыздар кабыл алынбайт, ал эми бардык документтер санарип түрдө сакталат. Жаңычылдык административдик процедураларды жөнөкөйлөштүрүүгө жана санарип экономиканын алкагында бизнести өнүктүрүүгө багытталат.