Чоң-Алай районуна өзгөчө макам берилди

Чоң-Алай районуна өзгөчө макам берилди. Бул тууралуу “Азаттыкка” президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

 

Буга чейин жергиликтүү тургундар районду чек арадагы аймактардын тизмесине киргизип, өзгөчө макам берүү маселесин көтөрүп келишкен. Чоң-Алай Кыргызстандагы тоолуу райондордун катарында жана ал деңгээлинен 3 миң метр бийиктикте жайгашкан.

 

Эске салсак, буга чейин өлкөдө 150гө жакын айылга өзгөчө макам берүү маселеси каралып, анын 60ка жакынына өзгөчө макам ыйгарылган.