Бишкекте жол оңдоо иштерине байланыштуу айрым автобустук линиялардын каттамы өзгөртүлдү

Бишкекте жол оңдоо иштерине байланыштуу айрым автобустук линиялардын каттамы өзгөртүлдү. Мэриядан билдиришкендей, бүгүнтөн тарта Чүй проспектисинин Тоголок Молдо көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейинки тилкеси жабылды.

 

Буга байланыштуу №7, 34 жана 38 автобустар эми Тыныстановдон Манас проспектисине чейин Киев көчөсү аркылуу жүрөт. Айдоочуларга тыгындарды алдын алуу максатында башка каттамдарды түзүп алуу сунушталат.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.