Бишкекте жолдорду капиталдык оңдоо иштери уланууда

Бишкекте жолдорду капиталдык оңдоо иштери уланууда. Мэрия билдиргендей, эртеңден тарта Горький көчөсүнүн Кунанбаевден Байтик баатырга чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат.

 

Ал эми 11-августтан тарта Юнусалиев көчөсүнүн Сүйөркуловдон Ахунбаевге чейинки бөлүгүндө реконструкциялоо иштери башталат.

 

Жол тыгындарын болтурбоо үчүн айдоочулар маршруттарын алдын ала пландап алуусу зарыл.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.