Бишкекте жолдорду оңдоо иштерине байланыштуу 13 автобустун каттамы убактылуу өзгөртүлдү

Бишкекте жолдорду оңдоо иштерине байланыштуу 13 автобустун каттамы убактылуу өзгөртүлдү. Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүн Юнусалиев көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат.

 

Ал эми кечээ Байтик баатыр көчөсүнүн Кулатов —  Бөкөнбаев бөлүгү ачылды. Буга байланыштуу №42, 166, 226, 222, 216, 212, 195, 105, 152, 49, 52, 169 жана 145 автобус каттамдарынын кыймыл схемалары убактылуу өзгөртүлдү.