Бишкектеги Абдрахманов көчөсүнүн эки бөлүгү жабылат

Бишкектеги Абдрахманов көчөсүндө (темир жолдон жогорку бөлүгү Байтик баатыр) жолду капиталдык оңдоо жумуштары уланууда.

Мэриядан кабарлашкандай, 10-июлдан тарта аталган көчөнүн Ж. Бөкөнбаев жана Москва көчөлөрү менен кесилиши унаа кыймылы үчүн жабылат.

Бул кесилиштерге асфальт басуу иши аяктагандан кийин, Абдрахманов көчөсү Москва көчөсүнө чейин ачылат.

 

Андан тышкары 10-июль күнү Байтик баатыр (темир жолдон төмөнкү бөлүгү Ж. Абдрахманов) көчөсүнүн Медеров көчөсүнөн Кулатов көчөсүнө чейинки бөлүгү ачылат.

 

Жолго асфальт басуу жумуштары аба ырайына (жамгырга) байланыштуу кечеңдеши мүмкүн. Мындай жагдайда график өзгөрөт.