Бишкекте кечкисин жана түнкүсүн коомдук транспорт үчүн бөлүнгөн тилке менен  башка унаалар дагы жүрө алат

Бишкекте кечкисин жана түнкүсүн коомдук транспорт үчүн бөлүнгөн тилке менен  башка унаалар дагы жүрө алат.

 

Транспорт департаментинин жетекчисинин орун басары Улан Уезбаев билдиргендей, кечки саат 8ден таңкы 7ге чейин  сары сызыкта башкалардын жүрүүсүнө мүмкүнчүлүк берүү эки жуманын ичинде ишке ашат. Мындай чечим тыгындарды азайтуу максатында кабыл алынды.

 

Эске салсак, Бишкекте коомдук транспорт үчүн атайын тилке Токомбаев көчөсүндө пайда болгон. Жыл соңуна чейин тилке Абдрахманов көчөсүнүн Түштүк магистралдан Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгүндө пайда болот.