Бишкектеги “Баш-Карасуу” суу дарбазасында 5 скважина ишке кирди

Бишкектеги “Баш-Карасуу” суу дарбазасында 5 скважина ишке кирди. Мэриядан билдиришкендей, аталган долбоор Ороктун 12 айылын, ЖЭБ-2 конушун, Ак-Өргө, Ак-Ордо конуштарынын жогорку бөлүгүн, ошондой эле Арча-Бешиктин түштүк тарабын суу менен камсыз кылат.

 

Скважиналарды бургулоо иштери ушул жылдын май айында башталган. Суу дарбазасын кеңейтүүгө 9 гектардан ашык жер тилкеси трансформацияланып, 150 миллион сом багытталган.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.