Чүйдө суу жоктугуна нааразылар жолдо акция өткөрүүдө

Сокулуктагы Селекция айылынын жана Сары-Өзөн конушунун элүүдөй тургуну Бишкектин Жайыл баатыр (Түштүк магистраль) көчөсүндө нааразылык акциясын өткөрүүдө.

Алар үч айдан бери таза суусуз отурганын, бул маселе тез арада чечилбесе, жолду бууганга чейин бара турганын эскертти.

Учурда автоунаалар жолдун бир тарабы менен өтүп жатат.
Окуя болгон жерде жүргөн «Азаттыктын» кабарчысы чогулгандар бир машинаны талкалаганына күбө болду.

Топтолгон эл менен Орок айыл өкмөтүнүн башчысы Асылбек Адылбеков, Сокулук районунун акими Илияз Ташкулов жолукту.

Айыл башчы Адылбековдун айтымында, учурда суу бөлүштүрүүчү жайда суу калган жок. Аким Илияз Ташкулов бул көйгөй он жылдан бери чечилбей келе жатканын белгиледи.

Чогулгандар менен «Бишкек сууканалынын» жетекчиси Таалайбек Орозов да жолукту. Ал Селекция менен Арча-Бешикке суу бир күндөн кезек менен берилерин, эки жумада маселе толук чечилерин айтты.

 

Буга чейин Сокулуктун Бишкек менен чектеш Селекция жана Орок айылдарынын жана Арча-Бешик конушунун тургундары эки айдан бери суусу жок отурганы үчүн өкмөткө нааразылык билдирген.

3-июлда аталган айылдардын жашоочулары менен өкмөт башчы Акылбек Жапаров жолугуп, маселени чечүү жолдору бар экенин, бул багытта иш башталганын айткан.

Өткөн аптанын соңунда аталган айылдарга жана Арча-Бешик конушуна суу берилгени маалым болгон. Кыргызстанда быйыл катуу ысыктан улам шаарда ичүүчү, элетте сугат суу тартыштыгы жаралды.