Бишкектеги башаламандык. Свердлов райондук милициясынын башчысы иштен алынды

Бишкектеги 13-17-майдагы окуяларга байланыштуу Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Абитов баш болгон 10 кызматкер иштен алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

 

Маалыматка ылайык, бардыгы болуп 20 кызматкер тартип жазасына тартылды.

 

13-майдагы тергөө-ыкчам тобунун курамына кирген кызматкерлерге карата кызматтык иликтөөнүн чечими юридикалык баа берүү үчүн ИИМдин Тергөө кызматына өткөрүлүп берилди, — деп айтылат маалыматта.