Улуттук банктын төрагасынын жаңы орун басары дайындалды

Мелс Аттокуров Кыргызстандын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду.

 

Эске салсак, Мелс Аттокуров буга чейин кызматтан бошотулган Заир Чокоевдин ордуна дайындалды.