Бишкектеги бир катар объектилер мэриянын карамагына өттү

Ордо калаада бир катар объектилер Бишкек шаардык мэриясынын карамагына өттү. Мындай чечим Министрлер кабинетинин 28-майда өткөн жыйынында кабыл алынганы белгилүү болду.

 

Анда «Чыгыш автобекетинин имаратын Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө» токтому жактырылды. Бул мамлекеттин менчигинде турган кыймылсыз мүлктү натыйжалуу пайдалануу, Бишкек шаарынын экологиялык кырдаалын жана архитектуралык көрүнүшүн жакшыртуу максатында кабыл алындыгы айтылды.

 

Ошондой эле, Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин Бишкек шаарындагы аянты 1,14 га, болгон тиешелүү жер участогу менен мамлекеттик менчикте турган административдик имаратты мектепке чейинки билим берүү мекемесин уюштуруу үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине акысыз өткөрүп берүү боюнча чечим кабыл алынды.

 

«Бишкек жылуулук тармактары» мекемесинин филиалдарын жана ошондой эле, Бишкек жылуулук электр борборун мэриянын карамагына өткөрүү боюнча маселе да жактырылды.