Бишкектеги ыш маселесине карабай, мэрия жаңы жылдык салюттан баш тартпайт

Бишкектеги ыш маселесине карабай, мэрия жаңы жылдык салюттан баш тартпайт.

 

Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка ылайык, фейерверк сатып алууга муниципалитет дээрлик 1 миллион сом жумшайт.

 

Эске салсак, өткөн жылы мэрия экологиялык коопсуздукту камсыздоо максатында жаңы жылдык салюттан баш тарткан болчу.  Ал эми Бишкекте абадагы зыяндуу заттардын көлөмү максималдык көрсөткүчкө жетип, дүйнөдөгү эң булганыч шаарлардын сап башына жайгашат.