Бишкектен Сиань шаарына түз аба каттамы ачылат. “Манас” эл аралык аэропортунун маалыматына ылайык, Кытайдын ири шаарларынын бирине туруктуу каттамдар алгачкы ирет кое берилет. Биринчи учак аталган багыт менен 11-февралга белгиленди.
Андан кийин Бишкек – Сиань каттамы жумасына бир жолу, жекшемби күндөрү аткарылат.