Бишкекте таштанды чыгаруу үчүн тарифти жогорулатуу сунушталды

Бишкекте таштанды чыгаруу үчүн тарифти жогорулатуу сунушталды. Документ шаардык кеңештин сайтында жарыяланды. Ал эми демилге мэрияга таандык. Жаңы эсептөөлөргө ылайык, катардагы жарандар үчүн тариф киши башына 22 сом 50 тыйындын ордуна 41 сомду түзүп калат.

 

Чарбачылык субъектилерге 1 кубометрге 361 сом. Азыркы тариф 225 сомду түзөт.

 

Мэриядан белгилешкендей, тарифтерди көтөрүү күйүүчү-майдын кымбатташына, тышкы насыяны жабуу зарылчылыгына жана кызматкерлердин айлыгын көтөрүүгө байланыштуу.