Бишкектин айрым райондорунда таза суу болбойт

Бишкектин айрым райондорунда 18-апрелде суу болбойт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, саат 9:00дөн 21:00гө чейин “Батыш” суу топтомунда жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүгө байланыштуу төмөнкү көчөлөр менен чектешкен аймактарда суу өчүрүлөт:

 

  • Алыкулов көчөсү – БЧК – Ала-Арча дарыясы — Л. Толстой көчөсү;
  • Юбилейная көчөсү – Горький көчөсү (Прогородное айылы) – Садовая көчөсү (Прогородное айылы) – ЧЧК.

Ошондой эле «Аскер шаарчасы», «Кызыл Аскер» жаңы конушу, 110 квартал, Достук кичирайонунда дагы суу убактылуу өчүрүлөт.