Май айында кыргызстандыктар катары менен беш күн эс алат

Май айында кыргызстандыктар катары менен беш күн эс алат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

 

1-Май Эмгекчилердин тилектештик майрамы, 5-май Конституция күнү жана 9-май Жеңиш күнү — календарда кызыл менен белгиленген. Бул күндөрү жарандар эс алышат.

 

Ал эми 8-май дүйшөмбү күнгө туура келгендиктен, дем алыш болот, ал күн үчүн 13-май иш күн деп жарыяланды.

 

Ошентип, 5 жумушчу күн тартиби менен иштегендер беш күн эс алышат.