Бишкектин айрым жерлеринде газ берүү убактылуу өчүрүлөт

Бишкектин айрым жерлеринде газ берүү убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу «Бишкекгаз» газ кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, орто жана төмөнкү басымдагы газ өткөргүчтөрүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу борбор шаардын төмөнкү көчөлөр менен чектелген райондорунда жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт:

 

  • 24-28-июнда — Масалиев көчөсү, Токтоналиев көчөсү, Ахунбаев көчөсү, Шералиев көчөсү Киргизия-1, Арча-Бешик конуштары, Жал-29, Жал-30, Джал-23, Жал-15 кичи райондору, Ала-Арча дарыясы, Жал кичи районундагы отканалар.
  • 25-26-июнда — Лермонтов көчөсү, Ленин проспекти, Киров көчөсү, Чапаев көчөсү.

«Бишкекгаз» газ кызматы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерди жаратылыш газы өчүрүлгөн мезгилде энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.