Бишкектин Ала-Тоо аянты бүгүнтөн тарта Нооруз майрамына карата даярдык көрүү үчүн унаа кыймылына жабылды

Бишкектин Ала-Тоо аянты бүгүнтөн тарта Нооруз майрамына карата даярдык көрүү үчүн унаа кыймылына жабылды. Бул тууралуу Кайгуул милиция кызматынан билдиришти.

 

Чектөөлөр Чүй проспекти, Эркиндик бульвары, Панфилов, Абдымомунов, Орозбеков жана Раззаков көчөлөрүн бириктирген бөлүктө киргизилди. Унаа кыймылы аянт аркылуу 22-марттан тарта жанданат.