Боксчу Мунарбек Сейитбек уулу Париждеги Олимпиадага жолдомо утту

Боксчу Мунарбек Сейитбек уулу Париждеги Олимпиадага жолдомо утту. Ал Таиланддагы лицензиялык турнирде 57 килограммга чейинкилер категориясында чыккан. Спортчу жарым финалга чейин жетип, бирок утулуп калган.

 

Үчүнчү орун үчүн кармашта мушкер индиялык атаандашын уткан. Ушуну менен Кыргызстандын куржунунда 15 лицензия болду. Алар күрөштүн түрлөрү, дзюдо, сууда сүзүү, жеңил атлетика боюнча алынган. Жайкы Олимпиада оюндары Франциянын борборунда 26-июлдан 11-августка чейин өтөт.