Жалал-Абадда волейбол боюнча энелер лигасы өтүүдө

Жалал-Абад шаарындагы ден соолукту чыңдоо борборунда волейбол боюнча Түштүк энелер лигасынын VI чемпионатынын ачылуу аземи өттү.

Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдешке өлкөнүн түштүк аймагынан 23 команда катышууда.