Британиялык окумуштуулар адамды эмне тынчсыздандырарын аныкташты.
Изилдөө учурунда алар 2 миңдей кишиге сурамжылоо жүргүзүшкөн.
Маалым болгондой, унаа тыгыны британдыктардын эң көп кыжырын келтирет.
Андан кийин кийимге төгүлгөн ичимдиктер/косметика/тиш пастасы, кокусунан сынган чыны же стакан кыжырды кайнатарын айтышкан.
Ошондой эле, көпчүлүк булганган килем жана күйгөн тамактар аларды тынчсыздандырарын айтышты.