БШК Нуржигит Кадырбековду депутаттык мандатынан ажыратты

Борбордук шайлоо комиссиясы 30-августтагы отурумунда Жогорку Кеңештеги “Ыйман Нуру” фракциясынын лидери Нуржигит Кадырбековду депутаттык мандатынан ажыратты.

 

Ал мандатынан баш тартуу боюнча арызын өзү Боршайкомго бүгүн берген.

 

Нуржигит Кадырбековдун бошогон мандаты “Ыйман Нуру” партиясынын тизмесиндеги Эрнис Айдаралиевге берилди.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.