№26 Ленин шайлоо округунан депутат болууну көздөгөндөр 17ге жетти

Бишкектин Ленин райондук бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңешке депутат болууну көздөгөндөрдүн саны 17ге жетти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, арыз бергендердин баары өзүн-өзү көрсөткөндөр.

 

Аталган аймак боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 27-апрелде аяктайт. Мөөнөтүнөн мурда добуш берүү 28-майда өтөт.

 

БШК шайлоонун жалпы сметасын дээрлик 19 миллион сом деп эсептеген.