Быйыл 2 миң кыргызстандык Улуу Британияга ишке кете алат

Быйыл 2 миңдей кыргызстандык Улуу Британияда убактылуу ишке орношо алат. Бул тууралуу келишимге 31-декабрда кол коюлганын КР Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун директору Алмаз Алыбаев билдирди.
Алты айлык программа боюнча Улуу Британиянын фермаларында 18-46 жаштагы кыргызстандыктар иштей алат.
«Жумушчулар эки эселеген айлык, тагыраагы, саатына 10 фунт стерлингден (1 040 сомдун тегереги) алышат», — деп айтылат билдирүүдө.
Каттоо 2023-жылдын 17-январында саат 9:00дөн 17:00гө чейин Бишкек шаарындагы Арабаев окуу жайынын имаратында (Раззаков, 51) жана Ош шаарында ОшМУнун Бизнес жана менеджмент факультетинин имаратында жүргүзүлөт.
Программа боюнча толук маалыматты 0312 641764 телефону аркылуу алса болот.