Быйыл ишкерлерди колдоого бюджеттен 2 миллиард сом бөлүнөт.
Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда ишкерлер 1 миллиондон 3 миллион сомго чейин пайызсыз насыяларды алууда.
Жалпы төрт миңден ашуун ишкерге үстөксүз кредит берилди.
Кошумчаласак, 2022-жылы Каржы министрлиги чакан жана орто ишкерликти колдоо долбоорлору үчүн бюджеттен коммерциялык банктарга 1 миллиард 750 миллион сомдон ашык бөлгөн.