Быйыл “Эл үмүтү” стипендиясы 149 талапкердин ичинен 27 адамга берилет

Быйыл “Эл үмүтү” стипендиясы 149 талапкердин ичинен 27 адамга берилет. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.

 

Бул стипендия дүйнөнүн алдыңкы 100 университетине өткөн магистрант, докторанттарга тапшырылат. Акчанын көлөмү тандалып алынган окуу жайга жараша аныкталары жана жыл сайын 50 миң доллардан ашпоого тийиш экени белгиленген.

 

“Эл үмүтү” стипендиясы алгач 2022-жылы сегиз стипендиантка ыйгарылса, былтыр 11 адам алган.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.