Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо ушул жумада аяктайт

Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо ушул жумада аяктайт.

 

Билим берүү министрлигинен эске салышкандай, 11-класстын окуучулары 7-апрелге чейин өз мектептеринде, өткөн жылдагы бүтүрүүчүлөр райондук же шаардык билим берүү бөлүмдөрүндө катталат. Каттоо онлайн жүргүзүлөт.

 

Белгилеп кетсек, негизги жана ар бир предметтик тесттин баасы быйыл 100 сомго көтөрүлүп, 470 сомду түздү.

 

Тестирлөөнүн өзү 19-майдан 24-майга чейин өтөт.