Быйыл жалпы республикалык тестирлөөдө 56 окуучу эң жогорку упай топтоп, “Алтын сертификат” алды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Эң жогорку — 234 упайды Бишкектеги Кыргыз-Орус Славян Университетине караштуу орто мектептин бүтүрүүчүсү Аминат Гордаева, Бишкектеги №29 гимназиянын мурдагы бүтүрүүчүсү Максат Оморов жана таластык окуучу Элнура Эркинбекова алды.