CAFA U-20. Кыргызстандын курамасы экинчи орунду ээледи

Күн мурун Борбордук Азиянын футбол ассоциациянын жаштар чемпионатынын финалы орун алып, анда Кыргызстандын жана Ирандын курамалары кез келди.

 

Аталган эл аралык мелдеш Жалал-Абад шаарынын «Курманбек» стадионунда орун алып, Афганистан, Иран, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын командалары катышуусунда өттү.

 

Финалдык беттеш 0-3 эсебинде атаандаштардын пайдасына аяктап, Кыргызстандын курамасы турнирдин күмүш медалына ээ болду. Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев турнирдин жеңүүчүлөрүнө кубокту тапшырды.

Турнирдин жыйынтыгы:

  • 1-орун – Иран;
  • 2-орун – Кыргызстан;
  • 3-орун – Өзбекстан;
  • 4-орун – Тажикстан;
  • 5-орун – Афганистан;
  • 6-орун – Түркмөнстан.