Футбол боюнча Кыргызстандын курамасы ФИФА рейтингинде бир сапка жогору көтөрүлдү. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти. Улуттук курама 208 команданын ичинен 96-орунга жайгашты.
Буга чейин “Ак шумкарлар” 95-орунда келе жаткан. Ал эми тизменин башында Аргентина, Франция жана Бразилия курамалары турат. Азия Футбол Конфедерациясы зонасында болсо “Ак шумкарлар” 16-орунда жайгашат.