Кубалык балбан Михаин Лопес Нуньес күрөш боюнча дүйнөдөгү алгачкы беш жолку олимпиада чемпиону болду

Кубалык балбан Михаин Лопес Нуньес күрөш боюнча дүйнөдөгү алгачкы беш жолку олимпиада чемпиону болду. Бүгүн Париждеги оюндарда ал Чилиден келген атаандашын утуп алды.   Беттештин соңунда 41 жаштагы спортчу карьерасын жыйынтыктаганын жарыялады. Лопес 2008-жылдан бери бардык Олимп оюндарында алтын медаль уткан жалгыз балбан.   Ушул… Кененирээк…

Париж-2024: Махмудов менен Жусупбеков коло медаль үчүн күрөшөт

Акжол Махмудов менен Үзүр Жусупбеков коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк бере турган көңүл жубатуучу беттешке чыгышат. Таймаштар бүгүн, 7-августта болот.   Грек-рим күрөшүнөн 77 килограммга чейинки салмакта Махмудов колумбиялык Алексис Муньоз менен күч сынашат. Жусупбеков 97 килограмм салмакта АКШ балбаны Жосеф Патрик Рау менен күрөшөт.… Кененирээк…

Париж-2024: Жоламан Шаршенбеков коло медаль тагынды

Балбан Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшүнөн 60 килограмм салмакта коло медаль утту. Бул Кыргызстандын Париж Олимпиадасындагы алгачкы байгеси болду.   Жоламан Шаршенбеков 3-орун үчүн беттеште ирандык Мехди Мохсен Нежадды 3:1 эсебинде жеңди.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.

Париж-2024: Мээрим Жуманазарова күмүш медаль утту

Париж Олимпиадасында Мээрим Жуманазарова күмүш медаль тагынды. Ал Кыргызстандын эгемендик тарыхындагы Олимпиадада эки жолу байге алган алгачкы спортчу болду.   Кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограммга чейинки салмакта Мээрим Жуманазарова финалда дүйнөнүн эки жолку чемпиону, америкалык Эмит Элор менен беттешип, 0:3 эсебинде жеңилди.   25 жаштагы Мээрим… Кененирээк…

Акжол Махмудов казакстандык атаандашына жеңилип калды

Акжол Махмудов казакстандык атаандашына жеңилип калды. Балбан Париждеги Олимпиаданын грек-рим күрөшү боюнча мелдешинин 77 киллограммга чейинки салмак категориясында күч сынашты.   Эгер казак балбаны финалга чыкса, Акжол Махмудов жубатуучу күрөштө коло үчүн күрөшүүгө мүмкүндүк алат. Дагы бир кыргызстандык Үзүр Жусупбеков чейрек финалда 0:8 эсеби менен… Кененирээк…

Үзүр Жузупбеков атаандашын көтөрүп уруп, чейрек финалга чыкты

Үзүр Жузупбеков Париждеги Олимпиадада жолун жеңиш менен баштап, чейрек финалга чыкты. Ал грек-рим күрөшүндө 97 килограммга чейинки салмакта литвалык Миндаугас Венскаитисти көтөрүп уруп, 5:1 эсебинде жеңди. Жузупбековдун кийинки атаандашы ирандык Мохаммадхади Сарави болот.

Акжол Махмудов алгачкы атаандашын жеңип, кийинки баскычка чыкты

Париждеги Олимпиадада Акжол Махмудов алгачкы атаандашын жеңип, чейрек финалга чыкты. Кыргыз балбаны грек-рим күрөшү боюнча 77 килограмм салмакта 1/8 баскычта АКШлык Камал Бэй менен кездешип, 4:1 эсеби менен жеңишти камсыздады. Махмудов кийинки баскычта Алексис Муньос (Колумбия) — Демеу Жадраев (Казакстан) жубунун жеңүүчүсү менен кез келет.

Филиппиндик гимнаст Карлос Юло Олимпиада оюндарынан алган алтын медалы үчүн өзгөчө белектерге ээ болот

Филиппиндик гимнаст Карлос Юло Олимпиада оюндарынан алган алтын медалы үчүн өзгөчө белектерге ээ болот.   Эки бөлмөлүү батирден тышкары спортчуга өмүр бою акысыз тамак-аш жеткирип берүү убадаланды.   Ошондой эле ар кандай компаниялар ага акысыз фотосессия, унаа тетиктерин жана смартфон үчүн чехолдорду берүүгө даяр. Ал… Кененирээк…

Париж-2024: Бүгүн кыргызстандык төрт балбан мелдешке чыгат

Париждеги Олимп оюндарында бүгүн кыргызстандык төрт балбан мелдешке чыгат.   Акжол Махмудов менен Үзүр Жусупбеков грек-рим күрөшү боюнча турнирде беттештерин башташат. Күрөш Бишкек убактысы боюнча күндүзгү саат 3тө, жарым финалдык кармаштар түнкү 10дон өтүп башталат.   Андан кийин медаль үчүн мелдештер орун алат. Килемге биринчи… Кененирээк…

Париж-2024: Мээрим финалда, Жоламан коло медаль үчүн күрөшөт

Мээрим Жуманазарова Париж Олимпиадасында жарым финалда нигериялык Блессинг Оборудудуну 3:1 эсеби менен жеңип, финалга чыкты. Балбан эми финалдык беттеште АКШ спортчусу Эмит Элор менен алтын медаль үчүн күч сынашат.   Финалдык беттеш 7-августка караган түнү өтөт.   Ал эми Жоламан Шаршенбеков жарым финалда япон балбаны,… Кененирээк…