Париж-2024: Бүгүн Кыргызстандын эки спортчусу мелдешке чыгат

Париждеги Олимп оюндарында бүгүн Кыргызстандын эки спортчусу мелдешке чыгат. Суучул Елизавета Печерских аялдар арасында 50 метр аралыкты эркин сүзүү боюнча жарышат. Мелдеш саат 11:00дө башталат.   Ал эми боксчу Мунарбек Сейитбек уулу чейрек финалда күч сынашат. Ал АКШнын спортчусу Жамал Харви менен кез келет. Беттеш… Кененирээк…

Олимп оюндарында байге алгандарга канча акча берилери айтылды

Париждеги Олимп оюндарында байге алгандарга канча акча берилери айтылды.   Дене тарбия жана спорт департаментинин маалыматына ылайык, алтын алган кыргызстандык спортчуга 10 млн сом, күмүш медалдын ээсине 7 млн сом жана коло байге алгандарга 5 млн сомдон берилет.   Кыргызстандыктар чоң үмүт арткан күрөш боюнча… Кененирээк…

Париж-2024: Мунарбек Сейитбек уулу чейрек финалга чыкты

Парижде өтүп жаткан Олимп оюндарында кыргызстандык мушкер Мунарбек Сейитбек уулу алгачкы беттешинде жеңишке жетип, чейрек финалга чыкты. Ал 2023-жылдагы дүйнө чемпионатынын күмүш байгесинин ээси, кубалык Орта Родригез дел Рэй Сайдел Иванды 3:2 эсебинде жеңди.   Мунарбек Сейитбек уулу эми 4-августка караган түнү чейрек финалда АКШ… Кененирээк…

Париж-2024: дзюдочу Эрлан Шеров экинчи беттешинде жеңилди

Парижде өтүп жаткан Олимп оюндарында дзюдочу Эрлан Шеров 90 килограммга чейинки салмакта испаниялык Тристани Мосахлишвилиге 1:0 эсеби менен жеңилди. Ага чейин Шеров кубалык Иван Фелипе Силва Моралис менен беттешип, 0:10 упай менен жеңген.   Кыргызстандан бул Олимпиадага спорттун беш түрүнөн 16 спортчу катышууда.   Ушул… Кененирээк…

Париж-2024: Бүгүн Эрлан Шеров мелдешке чыгат

Парижде өтүп жаткан Олимп оюндарында бүгүн дзюдочу Эрлан Шеров мелдешке чыгат. Ал 90 килограммга чейинки салмакта күрөшөт.   Анын алгачкы атаандашы кубалык Иван Фелипе Силва Моралис болот.   Дзюдо боюнча мелдештер Бишкек убактысы боюнча күндүзгү саат 2де башталат.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg… Кененирээк…

Париж-2024: Денис Петрашов финалга чыкпай калды

Денис Петрашов Париждеги Олимп оюндарында финалга чыкпай калды. Кыргызстандык суучул 200 метрге брасс ыкмасында сүздү.   Жалпысынан бул аралыкка 16 спортчу катышып, эки топко бөлүнүп жарышты.   Петрашов сегиз адамдан турган өз тайпасында жетинчи орунду ээледи. Ал эми жалпы тизмеде 14-орунда жайгашты.   Ушул жана… Кененирээк…

Париж-2024: Денис Петрашов жарым финалга чыкты

Денис Петрашов Париждеги Олимп оюндарында жарым финалга чыкты. Кыргызстандык суучул 200 метрди брасс ыкмасы менен сүздү.   Жалпысынан мелдешке 25 спортчу катышып, алар 4 топко бөлүнүп жарышты.   Петрашов маарага 2 мүнөт 10,99 секундада келди. Муну менен ал өз тобунда 6-орунду ээледи.   Жарым финалдык… Кененирээк…

Париж-2024: Бүгүн Денис Петрашов 200 метрлик жарышка чыгат

Парижде өтүп жаткан Олимп оюндарында бүгүн кыргызстандык суучул Денис Петрашов жарышка чыгат. Ал 200 метрди брасс ыкмасы менен сүзөт.   Жалпысынан мелдешке 25 спортчу катышат. Сууда сүзүү боюнча беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 5ке жакын башталат.   Эске салсак, Денис Петрашов 27-июлда 100 метрлик жарышта… Кененирээк…

Олимпиада-2024: Бүгүн кыргызстандык суучул Денис Петрашов мелдешке чыгат

Бүгүн кыргызстандык суучул Денис Петрашов мелдешке чыгат.   Париждеги Олимпиада оюндарында 27-июлда 14 медалдардын топтому ойнотулат. Кыргызстандын спортчуларынан биринчилерден болуп Денис Петрашов 100 метрди брасс ыкмасы менен сүзөт. Бул аралыкка сүзүүгө жалпысынан 36 спортчу катышат, алар 5 топко бөлүнөт.   Денис Петрашов акыркы жарышта сүзөт.… Кененирээк…

Парижде Олимпиада оюндары салтанаттуу түрдө ачылды

Парижде XXXIII жайкы Олимпиада оюндары салтанаттуу түрдө ачылды. 200дөн ашык өлкөдөн келген 10 миң 500 спортчу бул ирет стадиондо эмес, Сена дарыясы аркылуу чыгыштан батышты көздөй параддан кеме жана кайыктар менен сүзүп өтүшүүдө.   Салтка айлангандай катышуучулардын жүрүшүн Греция баштап берди. Спортчулар менен Франциянын президенти… Кененирээк…