Чүйдө эл аралык деңгээлдеги Байтик тоо курортун куруу пландалууда

Чүйдө эл аралык деңгээлдеги Байтик тоо курортун куруу пландалууда. Бул тууралуу Улуттук инвестициялык агенттиктен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, агенттик менен россиялык компания жана Евразия өнүктүрүү банкынын ортосунда үч тараптуу меморандумга кол коюлду.

 

Чүй облусунда Baytik Mountain Resort тоо-туристтик кластери курулат. Курорттун долбоору 15 асма жолду, 36 лыжа трассасын, төрт туристтик айыл жана эл аралык мелдештерди өткөрүүгө ылайыкталган лыжа комплексин камтыйт.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.