Жер титирөөнүн кесепеттерин аныктоо үчүн жарандык коргонуу комиссиясы түзүлдү

Кыргызстанда жер титирөөнүн кесепеттерин аныктоо үчүн жарандык коргонуу комиссиясы түзүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

 

Маалыматка ылайык, комиссия силкинүү катталган аймактарда, анын ичинде жер титирөөнүн күчү жогору болгон Каракол шаарында, Жети-Өгүз районунда жабыркаган имараттарды иликтеп жатат.

 

Иштин жыйынтыгы тууралуу кошумча маалымат берилет.