Чаткалда 225 орундуу мектеп курулууда

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда жаңы мектеп курулуп жатат. Жергиликтүү бийликтен билдиришкендей, 225 орундуу объект Курулуш айылында жайгашкан.

 

Иш 2022-жылдан бери республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлүүдө. Долбоордун баасы 141 миллион сомду түзөт.

 

Мектепте эки кабаттуу окуу корпусунан тышкары өтмө галерея, спорт зал, откана жана көмүр кампалары каралган.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.