Бишкекте №31 бала бакча оңдоп-түзөөдөн өтүп жатат

Бишкекте 105 орунга ылайыкталган №31 бала бакчаны оңдоп-түзөө уланууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

 

Учурда негизги корпусту капиталдык оңдоо жана бекемдөө, чатырын иретке келтирүү иштери аяктады. Ички жасалгалоо менен бирге бала бакчанын аймагын көрктөндүрүү иштери жүрүп жатат.

 

Эске салсак, бала бакча 2019-жылы 1-кабаттын жыгач конструкциясынын шыбы кулап кеткендиктен жабылган.