Чет элдиктерге зыян келтиргендерге жоопкерчиликти күчөтүү сунушталды

Кыргызстанда чет элдиктердин ден соолугуна жана мүлкүнө зыян келтирүү үчүн жоопкерчиликти күчөтүү сунушталууда. Мыйзам долбоорун президенттик аппарат талкууга койду.

 

Эске салсак, 18-майга караган түнү Бишкекте чет элдик жарандар менен жаңжал чыккан. Натыйжада башка өлкөнүн 29 жараны медициналык жардам сурап кайрылган.

 

Документтин авторлору болуп өткөн окуяларга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин чет өлкөлүк жарандарга каршы кылмыш жасагандыгы үчүн өзүнчө квалификацияны караган алты беренесине өзгөртүү киргизүү зарыл деп эсептешет. Бул билим берүү тармагына инвестиция салган эл аралык студенттер үчүн коопсуз чөйрөнү камсыз кылууга оң таасирин тийгизет деп күтүлүүдө.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.