Кыргызстандын аймактарында өзгөчө кырдаал режими күчүндө

Аба ырайынын шарттарына байланыштуу Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна, Таластын Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылына жана Нарында жарыяланган өзгөчө кырдаал режими күчүндө.

Расмий маалыматка караганда, Ала-Бука — Каныш-Кыя — Кировка жана Красная-Горка — Ак-Тaш унаа жолуна ири кар көчкү түшкөн.

Каныш-Kыя, Чaткaл, Tepeк-Caй aйыл aймaктарында кар массалары тоого жакын жайгашкан кээ бир үйлөрдү жана мал сарайларды басып калган.

Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылында болсо кар эрип, 17 турак үйдүн короосун суу каптаган.

Нарында да кар көчкүгө байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыяланган.

Учурда көчкүнүн кесепеттерин жоюу иштери уланууда.